Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Элишка Жигова айым Жалал-Абадка келди (ФОТО)
Бүгүн, 26-сентябрда Чехиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова айым атайын иш сапары менен биринчи жолу Жалал-Абадка келди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Достук жана өз ара түшүнүүчүлүк жылуу маанайда өткөн жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов, Чехиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ладислав Штайнхюбел жана Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Марат Жаанбаев катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Чехиянын элчилигинин өкүлдөрүнө Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык жана маданий тармактары туурасында кеңири маалымат берди.
- Жалал-Абад облусунда тоо-кен байлыктарынын мол запасы камтылган. Алтындын өзүнөн эле тоо-кен тармагында 500 тонна запасы бар. Айыл чарбасы менен өнөр жай тармагы жыл санап өнүгүп барууда. Облус аймагында иштеп жаткан алты ГЭС Кыргызстанда иштелип чыккан жалпы электр энергиясынын 90 пайызын берет. Республикадагы экспорттун 40 пайызын Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу заводдун продукциясы түзөт. Туризм тармагын өнүктүрүүдө Сары-Челек менен Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” мамлекеттик коругунун, жаңгак токойлуу Арстанбап менен Кара-Алманын жана Жалал-Абад санаториясынын мүмкүнчүлүктөрү кенен,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
-Ж алал-Абад санаториясынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 10 инвестициялык долбоорлор иштелип чыгылган. Атап айтканда, санаторияга кетүүчү канаттык асма жол куруу, санаториянын аймагына заманбап эс алуучу сейил багын куруу сыяктуу долбоорлор иштелип чыгылган,- деди Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов.
- Кыргызстанда элчи болуп иштеп жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Буга чейин Бишкекте эки жолу Чехиянын экономикалык бизнес форумун, бир жолу Кыргызстандын Прагадагы бизнес форумун ийгиликтүү өткөрүүгө жетиштик. Эмки биздин максат Кыргызстандын региондоруна көңүл буруу болуп саналат. Чехияда дүйнөгө белгилүү болгон 33 курорттук жайлары бар. Туризм тармагын өнүктүрүүдө биргеликте кызматташып иш алып барууга дайыма даярбыз. 2018-жылы Жалал-Абадда элибиздин маданиятын жана киносун даңазалаган Чехиянын күндөрүн өткөрүүнү максат кылып жатабыз,- деди Чехиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова айым.
Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Марат Жаанбаев чехиялык ишкерлер Жалал-Абадда аквопарк менен бассейн куруу жана Жалал-Абаддын бренди болуп калган жаңгактарын сатып алууга абдан кызыктар болуп жатышкандыгын билдирип кетти.
Жолугушууда мындан ары эки тарап бирдей достук карым-катнаш менен алаканы жакшыртуу, экономикалык ишкердик багытында жана маданий кызматташтыкты бекемдеп, туризм тармагында эки тарапка бирдей пайдалуу болгон кызматташуу жаатында тыгыз иш алып барууга кызыктар экендиктерин жашырышкан жок.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13