ЖАЛАЛ-АБАДДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КЕЗЕКТЕГИ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ (ФОТО)
Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мурда жарыяланган үч айлыгынын алкагында Укук, бизнес, билим берүү академиясынын студенттери тарабынан мамлекеттик тилди даңазалоо, кеңири жайылтуу, улуттук баалулуктардын баркын көтөрүү таризинде кезектеги кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралу шаар мэриясынан билдиришти.
Кароо-сынакта катышуучулары – акамдемиянын бөлүмдөрүндө окуган биринчи жана экинчи курстардын студенттери “Саламдашуу”, “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, “Элдик кыргыз ырларын ырдоо”, “Кыргыз бийин бийлөө” сыяктуу номерлер менен кароонун катышуучулары улуттук баалуулуктарды, өнөрдү, тарыхты канчалык жакшы өздөштүрүшкөнүн көрсөтүштү. Андан сырткары, улуттук кийимдерди демонстрациялдоо ишке ашырылды.
Алынган маалыматка караганда, бул кароо-сынакта алдыңкы орундарды ээлеген командалар жана жеке студенттер окуу жайы тарабынан Ардак грамоталар, белектер менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча үч айлык жарыяланган жана аны уюшкандыкта жана жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча иш-чаралар иштелип чыккан. Үч айлыктын жыйынтыгында өзгөчөлөнгөндөр шаар мэриясы тарабынан акчалай сыйлыктарга ээ болушат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30