KELECHEK
rek

Журналист Хадижа Исмаилова Азербайжандан чыгууга уруксат сурады

Журналист Хадижа Исмаилова Азербайжандан чыгууга уруксат сурады

Азербайжанда журналист Хадижа Исмаилова эл аралык иш чарага катышуу максатында өлкөдөн убактылуу чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылды. Ал Азерайжанды таштап кетүү ниети жок экенин баса белгиледи.

Азербайжандын Жогорку соту 2016-жылдын 8-декабрында шарттуу түрдө жазасын өтөп жаткан Исмаилованын чет өлкөгө чыгуусуна салынган тыюуну күчүндө калтырган.

“Стокгольм экономикалык мектебинин ригалык филиалы иликтөө журналистикасы боюнча 23 күндүк курска чакырды. Белгилүү бир мөөнөткө өлкөдөн чыгууга уруксат берүүсүн өтүнүп сотко кайрылдым. Сот мага салынган тыюуну толугу менен алып салса дагы, Азербайжандан биротоло кетүүгө ниетим жок. Журналисттик иликтөөлөрдү Азербайжанда уланткым келет. Чет өлкөдө бул үчүн мүмкүнчүлүк чектелүү”, - деди Исмаилова.

Анын адвокаты Фариз Намазлы Азербайжан мыйзамдарына ылайык, жазасын шарттуу түрдө өтөп жаткандар соттун чечими менен чет өлкөгө убактылуу чыкса болорун айтты.

«Кавказский узел» билдиргендей, журналисттин кайрылуусу сотко келип түштү жана жакын аралыкта каралат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан жана бир катар эл аралык сыйлыктарды алган журналист Хадижа Исмаилова 2014-жылы декабрда камакка алынган. Кийин ал салыктан качкан, мүлктү мыйзамсыз жол менен өзүнө ыйгарып алган деген өндүү айыптар менен жети жарым жылга түрмөгө кесилген.

Бирок эл аралык коомчулуктан айтылган сындардан кийин Азербайжандын Жогорку соту өкүмдү үч жарым жылдык шарттуу жаза менен алмаштырып, журналистти абактан чыгарган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53