KELECHEK
rek

Ангела Меркель ашкере-оңчулдардын мүдөөсү эске алынарын билдирди

Ангела Меркель ашкере-оңчулдардын мүдөөсү эске алынарын билдирди

Берлин борборунда жүздөгөн кишилер фашизмге жана “Германия үчүн альтернатива” жаңы парламенттик партиясына каршы ураандар менен нааразылык акциясына чыгышы.

Германия канцлери Ангела Меркель “Германия үчүн альтернатива” партиясына добуш берген жарандардын мүдөөлөрүн угарын билдирди. Меркелдин миграциялык саясатына каршы чыккан шайлоочулардын 13% оңчул популисттерге добуштарын беришкен. Алар Германияга Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Америка өлкөлөрүнөн мигранттардын агылып келишине Меркель күнөөлүү деп эсептешет.

Жекешемби күнү кечинде Берлин борборунда немис жана англис тилдеринде антифашисттик ураандар менен жүз миндеген шайлоочулар чогулушту. Алар оңчул күчтөрдүн тарапташтарына демократиялык баалуулуктарды колдой турушканын эскертишти. Аянтка полиция бөлүктөрү тартылды. Euronews кабарлагандай, манифестанттардын саны өсүүдө.

Германияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала (экзитпол) жыйынтыктарына ылайык, канцлер Ангела Меркел жетектеген саясий биримдик добуштардын 33 пайызын алып, биринчи орунга чыкты.

Канцлердин Христиан-демократтар партиясы бул жолку шайлоого Бавариянын Христиан-социалдык партиясы менен чогуу катышты.

Мартин Шульц жетектеген Социал-демократтар партиясы добуштардын 20 пайызына ээ болду. Шульц тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, шайлоодо утулганын моюнга алды. Ал өз партиясы оппозицияга кетерин жарыялады.Исламга жана миграцияга каршы кескин чакырыктары менен бул шайлоого катышкан "Германия үчүн альтернатива" партиясы 13,5 пайыздык добуш топтоп, Германиянын парламентиндеги үчүнчү ири партияга айланды. Ошондой эле Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин биринчи жолу Бундестагга кирген ашкере-оңчул партия болуп калды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52