Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, 20-сентябрда БУУнун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясына катышуунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту.
Жолугушуунун алдында Мамлекет башчысы БУУнун штаб квартирасындагы ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды.
Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кызматташууну чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррешти “Достук” ордени менен сыйлады.
Мамлекет башчысы БУУнун системасын жана жекече Башкы катчыны өлкөгө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Антониу Гутерреш Кыргызстанга жасаган сапарын жылуулук менен эскерип, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө мисал боло алган, көп аспектилерде БУУнун маанилүү өнөктөшү болгон өлкө менен мамилени БУУ жогору бааларын белгиледи. БУУнун Башкы катчысы Кыргызстандын ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форум өткөрүү жана санариптик трансформациянын “Таза коом” улуттук программасы сыяктуу демилгелерин белгилеп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын БУУнун системасы менен кызматташуусунун маселелери талкууланды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









