KELECHEK
rek

Вандализм үчүн айыпталган кыргызстандыктын иши сотко өттү

Вандализм үчүн айыпталган кыргызстандыктын иши сотко өттү

Америкалык басылмалар Вашингтон шаарында АКШнын мурдагы президенти Авраам Линкольндун эстелигине тыйын менен өз ысымын чийип жазган Кыргызстандын жараны кармалганын жазып чыгышты. Маалыматка караганда, кыргызстандык жигит 18-сентябрда вандализмге айыпталып кармалды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдагы элчилик шаардын полициясы менен байланышып Н.Б. аттуу жаран кыргызстандык экенин аныктаган. Ал октябрдын башына белгиленген соттук териштирүүгө сөзсүз келсин деген талап менен үйүнө кое берилди. Анын жосунсуз жоругунан келтирилген чыгым 2 миң долларды түзгөн.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин кызматкери бул жаран менен байланышып, сүйлөшкөндө ал кылганына өкүнүчүн билдирген.

Америкалык "Вашингтон пост" гезити айкелге зыян келтирген адам 21 жаштагы Нуртилек Бакиров экенин жазды. Социалдык түйүндөрдө америкалык коомчулук бул маалыматты вандализм деп катуу талкууга алып жатышат.

Nydailynews басылмасы маалымдагандай, кыргыз жараны күнөөлүү деп табылса, 10 жыл эркинен ажыратылып же 25 миң доллар айып пул төлөшү ыктымал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53