KELECHEK
rek

Лавров: Донбасс эл аралык күчтөрдү жайгаштырууга макулдугун бербейт

Лавров: Донбасс эл аралык күчтөрдү жайгаштырууга макулдугун бербейт

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Комсомольская правдага" берген маегинде Украинанын бийлиги Донбасстагы абалды жөнгө салуу боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатат деген пикирин айткан.

Анын сөзүнө караганда, муну Германия менен Франция гана эмес, АКШ да түшүнүүдө. "Азыр коопсуздук темасы президент Порошенко үчүн эң маанилүү маселелерден болуп турат. Ок атышпоо гана эмес, Донбасста кандайдыр бир эл аралык күчтөрдүн жардамы менен коопсуздукту камсыздоо ал үчүн өтө маанилүү", – деди Лавров.

Бирок мындай күчтөрдү жайгаштыруу Минск келишиминде каралган эмес жана Донбасс буга эч качан макул болбой тургандыгын баса белгиледи.

Дүйшөмбүдө Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Михаил Коваль Орусиянын жетекчилиги Донбасстагы жаңжалды тынч жол менен чечүү мүмкүнчүлүгүнө кедерги болуп жаткандыгын билдирген. Орусия “Украинага карата агрессивдүү ниеттеринен кайткан жок”, дейт ал. Коваль Орусия батыш жана түштүк-батыш багыттарында, анын ичинде украиналык мамлекеттик чек аранын жанындагы аскерий күчтөрүнүн кубаттуулугун арттырып жатат деп белгилөөдө.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү...