KELECHEK
rek

Жалал-Абадда вице-премьер министрдин катышуусунда президенттик шайлоого даярдык боюнча актив болуп өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда вице-премьер министрдин  катышуусунда президенттик шайлоого  даярдык боюнча актив болуп өттү (ФОТО)

Бүгүн, 20-сентябрда КРнын вице-премьер-министри Дуйшенбек Зилалиев Жалал-Абад облусундагы бир катар участкалык шайлоо комиссияларын кыдырып келгенден кийин, облустук активдин жыйынына катышты.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата өткөрүлгөн облустук активдин жыйынында Жалал-Абад облустук штабынын төрагасынын орун басары, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков шайлоого карата даярдык иштеринин жүрүшү туурасында кеңири маалымат берди.

- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдык көрүү жана аны талаптагыдай өткөрүү максатында облустун аймагында 426 участкалык шайлоо комиссиялары уюштурулду. Өткөн шайлоо өнөктүгүнө салыштырмалуу 5 жаңы участкалык шайлоо комиссиясы уюштурулуп, 1 участкалык шайлоо комиссиясы жоюлду. Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча 546 807 шайлоочулардын  тизмеси такталып, илинди,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

Участкалык шайлоо комиссияларынын иштеринин даярдыктары туурасында облустук активдин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо жана жарандардын актыларын каттоо департаментинин директору Махабат Пратова, облусттук ИИБнын башчысы, полковник Акылбек Мамасейитов, “Жалал-Абадэлектро” ААКнын директору Кеңеш Мамытканов, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов, Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов жана “Кыргызтелеком” ААКсынын облустагы директору  Эгемкул Сабыркановдун маалыматтары угулду.

- Жалал-Абад облусунда 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого негизинен терс таасирин тийгизе турган маселелер дээрлик жок экен. Бирок, участкалык шайлоо комиссияларындагы айрым майда-барат кемчилдиктерди тез арада четтетүү керектигин баарыңыздардын эсиңиздерге салмакчымын. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү биздин милдетибиз,- деди КР вице-премьер министри Дуйшенбек Зилалиев.

Азыркы күндө Жалал-Абад облусунда 21 комплект биометрикалык жабдуулар иштеп жатат. Облус боюнча 6939 адам биометрикалык маалыматтарын  тапшырды. Мындан сырткары, облуста 14 652 адам  форма №2 арыздарын тапшыршкан. Шайлоону өз деңгээлинде жана талаптагыдай өткөрүү максатында атайын окутулуп даярдалган 1559 операторлор тартылган.

  Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13