KELECHEK
rek

Сузак районундагы №2393 шайлоо участкасы талапка жооп бербейт(ФОТО)

Сузак районундагы №2393 шайлоо участкасы талапка жооп бербейт(ФОТО)

Бүгүн, 20-сентябрь күнү КР Вице-премьер министри Дуйшенбек Зилалиев Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында бир катар шайлоо участкалырынын абалы менен таанышып чыкты. 

Ал эми талапка жооп бербеген шайлоо участокторундагы кемчиликтерди тез арада четтетүү боюнча жергиликтүү бийликке өзүнүн тапшырмасын берди.

Алгач Д.Зилалиев Жалал-Абад шаарындагы кыргыз-түрк балдар лицейинде жайгашкан №2399 шайлоо участогуна барып, 15-октябрда өтө турган КР Президентин шайлоого  карата даярдыктын жүрүшү менен таанышып, кандай кемчиликтер бар экендигин өз көзү менен таанышып чыкты. Бул шайлоо участокто 2018 шайлоочу бар болсо, кошумча №2 форма менен келгендер менен 3 миңге жакын шайлоочу келээри маалым болду. Аталган лицейде шайлоого карата бардык шарттар түзүлүп, шайлоочулардын тизмелери илинген.

Андан кийин, шаардагы №75 кесиптик-лицейде жайгашкан №2101 шайлоо участогунда шайлоочулар үчүн добуш берүү жайы тар болгондуктан, шайлоого чейин шайлоочуларга кеңири жай деп ашкананы табышкандыктан, эми ал жерге шайлоо күнүнө чейин участкалык шайлоо комиссиясы бардык шарттарды түзө тургандыгын шаардын мэринин милдетин аткаруучу С.Авазов баса белгиледи. Бул шайлоо участокто 700дөн ашык шайлоочу бар.

Ал эми Сузак районунун Мадумар-Ата №2406 шайлоо участкасынын учурдагы абалы менен да Д.Зилалиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таанышып чыгышып, ал жер канааттандырарлык экени белгилүү болду. Бул шайлоо участогунда 701 шайлоочу бар. Шайлоочулардын тизмеси илинип, бардык шарттар түзүлгөн.

 

Эң аянычтуу абал Сузак районунун борборуна жакын жерде жайгашкан №2393 шайлоо участогу экендиги текшерүү учурунда белгилүү болду.

Шайлоо участкасы жайгашкан бөлмөнүн абалы начар, караңгы жана дубалдары көчүп, киргенде эле сыз жыттанып турат экен. Вице-премьер министр Д.Зилалиев 10 күндүн аралыгында шайлоо учассткасына бөлүнгөн бөлмөнү актап, сырдап оң абалга алып келүүнү райондун акимине табыштады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41