Вице-премьер министр Д.Зилалиев Жалал-Абадда жаңы асфальтталган көчөлөрдүн абалы менен таанышты (ФОТО)
Бүгүн, 20-сентябрь күнү КР Вице-премьер министри Дуйшенбек Зилалиев Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы жана Курулушчулар көчөлөрүндө жүрүп жаткан асфальттоо иштери менен таанышып чыкты.
Вице-премьер министрдин иш сапарын Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов коштоп жүрдү.
Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүн (Б.Осмонов көчөсү менен Ленин көчөсүнө чейин) кайрадан асфальттоо иши “Абай” ЖЧКму тарабынан аткарылды. Аталган жолдун узундугу 2000 метр, туурасы 11 метр болуп, республикалык бюджеттин эсебинен 10 млн. 363 миң сомго сентябрь аййынын ичинде толук бүткөрүлөт.
Андан кийин, Вице-премьер министр Д.Зилалиев Жалал-Абад шаарынын Курулушчулар көчөсүнө жаңыдан салынып жаткан жолдун учурдагы иштери менен таанышып чыкты. Бул жолдун узундугу 614 метр, туурасы 9 метр. Жолду курууга жеңүүчү деп “Жалал-Абад АБЗ” ААКу табылган. Тендердин баасы 20 млн. 224 миң сомду түзөт.
Шаар мэринин милдетин аткаруучу С.Авазовдун айтымында, бул жолдун курулушу сентябрь айында башталган, октябрь айында толук асфальтталып бүткөрүлөт. Каржылоосу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жатат. Буйрутмачы: “Жалал-Абад-Балыкчы” автомобиль жолдорунун башкармалыгы, №52 тейлөө мекемеси.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38