Нарында 21-сентябрдан 23-сентябрга чейин “Жалал-Абад күндөрү” өтөт
Нарын облусунда 21-сентябрдан 23-сентябрга чейин өтүүчү “Жалал-Абад күндөрүнүн” алкагында Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театрынын чыгармачыл жамааты Курманбек баатырдын эрдигин чагылдырган сахналык көрүнүштү коюшмакчы. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүм башчысы Айгерим Дүйшө кызы билдирди.
-“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында облустук театрлардын кызматкерлери бири-бирибизге барып, өз ара тажрыйба алмашып жатабыз. “Жалал-Абад күндөрүнүн” алкагында Нарын облусуна баруу менен ал аймактын театр өнөрпоздору менен чыгармачылык байланыштарыбызды бекемдемекчибиз. Буюрса, кийин иргелешкен ыгармачылык долбоорлорду ишке ашыруу да мүмкүн болуп калар, - дейт ал.
Эскерте кетсек, облустук театрдын чыгармачыл жамааты быйылкы жылы Жалал-Абад облусундагы район-шаарларга япон драматургу Киносита Дзюндзинин “Каркыранын канаты” спектаклин тартууламакчы. Бул спектаклде адамгерчиликтен да, сүйүүдөн да байлыкты тандап кеткен Йохио аттуу япон дыйканынын образы чагылдырылат. Андан соң, Жалал-Абад шаарынын тургундарына Грузин драматургу А. Цагарелинин “Ханума” комедиясын коюу пландалууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29