KELECHEK
rek

Өзбекстанда адамдарды пахта талааларына имамдар чыгарышууда

Өзбекстанда адамдарды пахта талааларына имамдар чыгарышууда

16-сентябрдагы селектордук жыйындын жүрүшүндө Өзбекстандын Анжиян облусунун башчысы имамдарга мечитке келген адамдарды жана маале жашоочуларын пахта талааларына чыгарууну тапшырды.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын маалыматына караганда, селектордук жыйынга имамдар, диний насаатчылар, дин иштери боюнча кеңешчилер, маале төрагалары жана башка жергиликтүү активисттер катышкан.

Атын айткысы келбеген жергиликтүү имамдардын биринин айтымында, анда негизги тема — адамдарды пахта терүүгө чыгаруу болуп, чогулгандарга 10-15 кишиден турган топторду түзүү тапшырылды.

Имам жыл сайын Өзбекстанда пахта терим өнөктүгү башталганда жергиликтүү бийлик имамдарды чогултуп, түшүм жыйноо топторун түзүүнү тапшыра тургандыктарын айтты. «Өткөн жылы (Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун каза болгондугунан улам) аза күтүүгө байланыштуу бизге эч ким кызыккан эмес. Андан мурдагы жылдары пахта талааларына көптөгөн адамдарды чыгарып келгенбиз», – деди имам.

Социалдык түйүндөрдүн өзбекстандык колдонуучулары билдиришкендей, пахта терүү өнөктүгүнө топторду түзүүгө имамдарды тартуу көрүнүштөрү Өзбекстандын башка аймактарында дагы байкалууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53