KELECHEK
rek

142 өлкө БУУну реформалоо сунушун колдошту

142 өлкө БУУну реформалоо сунушун колдошту

Дүйнөнүн 142 өлкөсү, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Германия жана Жапония Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо сунушун колдошту. Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун алдындагы америкалык дипломатиялык миссиянын сайтындагы расмий документте айтылат.

Декларацияга кол койгон мамлекеттер БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти реформа жараянын жетектөөгө үндөштү. 10 пункттан турган документте уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жана аларды өз ара айкалыштыруу зарылдыгы тууралуу айтылат. Ошондой эле декларацияда БУУнун кадр саясатын оптималдаштыруу маселеси дагы көтөрүлгөн.

Орусия Бириккен Улуттук Уюмун реформалоо жараянына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу күн мурун Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий билдирген.

Кечээ Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында жалпы жарыш сөздөр башталып, ага биринчи жолу 130дан ашык өлкөнүн башчылары катышат. Анда алгачкы жолу АКШнын президенти Дональд Трамп сөз сүйлөйт. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун билдиргенине караганда, Трамп өз сөзүндө Түндүк Корея, эл аралык терроризм жана Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишим маселелерин козгойт.

Күн мурун Трамп БУУнун өнүгүшүнө бюрократия, туура эмес башкаруу, өтө чоң чыгымдар жана кызматкерлеринин көптүгүн тоскоол болуп жатканын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52