KELECHEK
rek

АКШ Украинанын коргонуусуна 500 млн доллар бөлөт

АКШ Украинанын коргонуусуна 500 млн доллар бөлөт

18-сентябрда АКШнын Сенаты коргонуу саясаты тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Ага ылайык, Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармактарын колдоо үчүн 500 миллион доллар бөлүнүп берилет.

"Мыйзам долбоорунда биздин өлкөгө коргонуу багытындагы учуучу курал-жарактарды берүү каралган. Андан тышкары АКШнын коргонуу бюджетиндеги каражаттарды Кошмо Штаттардын медициналык жайларында жарадар украин аскерлери үчүн колдонууга, ошондой эле биздин мамлекеттин аба жана деңиз күчтөрүн күчтөнтүүгө жумшоого мүмкүндүк бере турган жоболор киргизилген", – деп жазды Украина президенти Петр Порошенко Фейсбуктагы баракчасына.

Порошенконун айтымында, Украина абадан коргонуу боюнча радиолокациялык каражаттарды, минага каршы аскер-деңиз техникаларын жана жээк кайтаруу кемелерин алат.

Бирок Украинага бул сумманын жарымы гана дароо берилет. Экинчи бөлүгүн өлкө коргонуу тармагында рефомалар жасалгандан кийин алат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...