БУУнун баш катчысы күрт референдумуна каршы чыкты
Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүү планына каршылыгын билдирди.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 25-сентябрга белгиленген бул референдум "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун жок кылуу жана согушкерлерден бошотулган шаарларды кайра куруу аракетине шек келтирерин жекшемби күнү айтты.
"Баш катчы Ирактын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин сыйлайт жана Күрт аймактык өкмөтүнүн маселеси диалог жана конструктивдүү компромисс аркылуу чечилиши керек деп эсептейт",-деп билдирди БУУнун басма сөз өкүлү Стефан Дуяррич.
Ирактын Күртстан автономдуу аймагынын депутаттары расмий Багдаддын каршылыгына карабай, көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүүнү чечишкен.
Күрт азчылыктары жашаган Түркия, Иран сыяктуу коңшу өлкөлөр да бул референдумга каршы чыгышкан. Батыш өлкөлөрү күрт референдуму чөлкөмдөгү чыңалууну күчөтөт деп эсептешет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









