Тажикстан Рогун ГЭСин баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражатка курат
Тажикстандын Улуттук банкы дүйнөлүк базарда мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу ийгиликтүү башталганын билдирди. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, өлкөнүн жумушчу тобу АКШ, Улуу Британия жана Швейцариянын ири инвесторлору менен жолугушуп, Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн 500 миллион долларлык облигация сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Улуттук банктан билдиришкендей, баалуу кагаздардын 38% АКШлык, 24% улуу британиялык, 35% Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жана 3% Азия мамлекеттеринин инвесторлору сатып алышты. «Ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстандын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча инвесторлордун сунуштары 4,5 миллиард АКШ долларына чейин көбөйдү», - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, сапардын алкагында Тажикстандын жумушчу тобу ири инвестициялык компаниялардын 300дөн ашык өкүлдөрү менен жолугушту.
Тажикстан бийлиги Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн 1 миллиард долларлык баалуу кагаздарды чыгарууну чечкен. Алгачкы этабында дүйнөлүк базарга сатыкка 500 миллион долларга бааланган облигациялар чыгарылды. 21-июлда тажик парламенти өлкөнүн энергетика тармагын каржылоо үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун жактырган.
Тажикстандын башкы энергетикалык долбоору эсептелген Рогун ГЭСин куруп бүткөрүүгө 4 миллиард долларга жакын каражат керектелет. Өлкөнүн Каржы министрлигинин маалыматына караганда, «Рогун ГЭСи» ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу менен калктан 80 миллион доллардан ашык акча чогултууга мүмкүн болду. Быйыл ГЭСтин курулушуна деп мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сомони бөлүнгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38