Вашингтон Пхеньяндын аракеттерине каршы «согуштук варианттарды» караштырууда
Жекшембиде АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу боюнча Коопсуздук кеңешинде варианттар калбаганын билдирди. Хейлинин айтымында, АКШ администрациясына көйгөйдү чечүү үчүн Пентагонго кайрылууга туура келиши мүмкүн.
Хейли Вашингтон көптөгөн башка варианттар менен катар согуштук варианттарды да караштырып жатканын белгиледи.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер "Fox News Sunday" басылмасына берген маегинде Пхеньяндын дарамети АКШны коркутуу ыктымалдыгына жакындаганын билдирди. Генералдын айтымында, Пхеньянга санкциялар, сүйлөшүүлөр аркылуу таасир этүү үчүн тез арада чараларды көрүү керек. Ал зарыл болсо «согуштук вариантка» дагы даярдануу керектигин кошумчалады.
Бир канча күн мурда Түндүк Корея кезектеги жолу баллистикалык ракетасын сынаган. Өлкө лидери Ким Чен Ын Пхеньян Кошмо Штаттардыкындай өзөктүк кубаттуулукка жетүүгө аракет кыларын билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









