KELECHEK
rek

"Достук" аркылуу бир күндө беш миңден ашуун адам өттү

12-сентябрь күнү "Достук" аркылуу бир күндө беш миңден ашуун адам өттү. андан тышкары 300дөн ашуун автоунаа Өзбекстандан Кыргызстанга, Кыргызстандан Өзбекстанга өткөн. Бул тууралуу БУУнун Кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын эл аралык координатору Юсуф Курбонов билдирди.

Анын айтымында, 13-сентябрда Улуттар Уюмунун көмөгү менен кыргыз-өзбек чек арасындагы аталган бекетте эки өлкөнүн тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жолугуп, кылмыштуулукка каршы чогуу күрөшүү аракеттерин талкуулап жатышат.

Улуттар Уюмунун көмөгү менен "Достук" бекетинде чектеш аймактардын кызматташтыгына арналган атайын кеңсе ачылган.

Ушундай эле кеңсе Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Жол - Кордай" бекетинде да ачылууда. БУУнун сунушу жана көмөгү менен аталган чек ара бекетинде эки тарапка өткөн жарандарды, автоунааларды тейлөөчү чек ара кызматкерлеринин саны көбөйгөн. Юсуф Курбоновдун маалыматы боюнча, алардын биргелешип аракеттенүүсү чек ара аркылуу маңзат, адам сатуу, коррупцияны алдын алууну максат кылат.

"Достук" бекети Оштун Кара-Суу районунда жайгашкан. Ал жөө адамдар жана автоунаалардын өтүүсү үчүн 5-сентябрь күнү расмий ачылды. 6-сентябрдан тарта күнүнө 2,5 миңдей киши өтүп жатканын Кыргызстандын Чек ара кызматы да ырастаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 14 чек ара бекети бар. Анын ичинен 11и автоунаа жана жөө адамдар өтүүчү, төртөө темир жол бекети. Чек ара бекеттери 2005-жылкы март окуясы, Анжиян коогалаңынан кийин Өзбекстан тараптан бир жактуу жабылып, өтүү катаалданган. 2010-жылкы апрель, июнь окуяларынан соң өзбек өкмөтү Кыргызстандан келүүчүлөр үчүн чакыруу кагаз жана телеграмма талап кылган тартип киргизген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13