KELECHEK
rek

Интернетте акимдин мектеп директорлорун сабаган видеосу тарады

Интернетте акимдин мектеп директорлорун сабаган видеосу тарады

Сырдарыя облусунун Сайхунбад районунун акими Носиржон Эгамбердиев мектеп директорлорун чогултуп алып, бирден сабаганы тартылган видео интернет түйүндөрүнө тарады.

“Мен элдик районо башчысымын (элдик билим берүү башкармалыгынын райондук бөлүмү – Ред.) ит сыяктуу сүйрөйм, чындыгында сен дагы күнөөлүүсүң. Эмне үчүн сен өзүңдүн районоңду сыйлабайсың?”,-деп кыйкырган мектеп директорлорун сабаган киши.

Ал директорлордун бирин жаакка чаап: “Мамлекеттин көз карандысыздыгы – сенин көз карандысыздыгың эмеспи?! Бул сен үчүн майрам эмеспи?!” деп андан ары директорлорду кемсинтүүнү уланткан.

Kun.uz интернет-басылмасы кабарлагандай, Сайхунабад районунда Эгемендүүлүк майрамы 25-августка белгиленип, андан соң 27-августка жылдырылган.

Айрым мектеп директорлору Эгемендүүлүк күнүн 27-августта белгилөө үчүн өз кишилерин кайрадан алып чыга албай калышкан. Айрымдары майрам башка күнгө которулганын билген эмес. Жыйынтыгында 27-августта тиешелүү деңгээлде эл чогулбай калган. Облус акими Эгемендүүлүк майрамын начар уюштургандыгы үчүн Носиржон Эгамбердиевге сөгүш жарыялаган. Район башчысы бул үчүн мектеп директорлорунан “өч” алган деп жазган басылма.

Носиржон Эгамбердиев Сайхунабад районунун акими болуп 2016-жылы октябрда дайындалган. Ага чейин ал Сырдарыя облусунун атайын орто жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...