Депутат Карамушкина орус тилине мамлекеттик макам берүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин КСДП партиясынан депутат Ирина Карамушкина Кыргызстанда орус тилине да мамлекеттик деген макам берүүнү сунуштоодо.
Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында тил маселеси талкууланып жатканда айтты:
- Жада калса бештен мамлекеттик тилдүү өлкөлөр бар. Алар эч кандай претензиясы жок эле тегиз, тынч өнүгүүдө. Кыргыз жана орус тилдерин мамлекеттик кылып мыйзамдаштырып койсок эмнеси жаман?
Бүгүн депутаттар “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды аткаруу тууралуу парламенттин 2016-жылдын 26-майындагы токтомун талкуулап жатышат.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова “кыргызтест” системасы боюнча токтом кабыл алынганын, Терминологиялык комиссия материалдык-техникалык жактан камсыз болгонун, мекемелер ортосундагы мамлекеттик тилде кат алмашуу камсыздалып, мамкызматкерлерге кыргыз тили үйрөтүлүп жатканын айтты.
Кыргызстандын Конституциясы боюнча кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









