KELECHEK
rek

Сузак районунда балмуздактан 16 адам ууланган (ФОТО)

Сузак районунда балмуздактан  16 адам ууланган (ФОТО)

Бүгүн, 12-сентябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабековдун төрагалыгында эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Жыйынга райондордун акимдери  менен шаарлардын мэрлеринин социалдык маселелерди тейлеген орун басарлары, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун директорлору, райондук ветеринария кызматкерлеринин башчылары жана район-шаарлардын СЭСтеринин башкы дарыгерлери катышты.

Комиссиянын олтурумунда Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак райондорунда күйдүргү, бруцуллез, кутурма ооруларынын абалы, Базар-Коргон районунда адамдардын арасында күйдүргү оорусунун жана мал жандыктарынын арасында кутурма оорусунун катталышы туурасындагы маселелер каралып талкууланды. Бул боюнча Жалал-Абад облустук СЭСтин башкы дарыгери Үсөн Жоробаев маалымат берди.

Быйылкы жылдын өткөн 8 айында Базар-Коргон районунда эки адамдан күйдүргү оорусу аныкталып, азыркы мезгилде  ал тургундар ооруканадан толук сакайып чыгышты. Облус боюнча кара малдан жугуучу күйдүргү оорусунун 369 очогу катталып, анын ичинен табылганы 168 болуп саналат. Кутурма оорусу калктын арасында катталбаганы менен үй-жаныбарларынын арасында эпизоотиялык абал туруктуу эмес. 2017-жылдын 8 айында облус боюнча үй жана айыл чарба жаныбарларынан жабыркап, медициналык жардамга 1824 адам кайрылган. Базар-Коргон районунда кутурган малдын этин жеген 17 адамга кутурма оорусуна каршы вакциналар берилүүдө. Базар-Коргон районунун Могол жана Арстанбап айыл аймактарында жолбун иттерди, мышыктарды жана ылаңдарды тез жугузуучу жапайы жаныбарларды жок кылуу маселеси талаптагыдай жүргүзүлбөй келүүдө. Малдын миграциясы чоң көйгөйлөрдү жаратып келүүдө. Райондук статистика тарабынан берилген малдын саны иш жүзүндө андан  көп болуп чыгууда. Менчик ветеринардык сервистерде атайын бөлмө ажыратылбагандыктан 2 камералуу муздаткычтарда вакциналар тамак-аш азыктары менен бирге сакталууда.

Эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын жыйынында 1-сентябрда Сузак районунда балмуздактан ууланган 16 адам туурасында Сузак райондук СЭСинин башкы дарыгери Арстан Калиловдун маалыматы угулду.  Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багындагы “Лайк бургер” бал муздак сатуучу жайга балмуздактын сырьесу Сузак районундагы Октябрь айылынын тургуну Л. Бахрамова тарабынан алынып келинген. Лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлгөн балмуздак азыгынан стафилокок ауреуз аныкталган. Учурда балмуздак сатылуучу жай жабылып, Сузак жана Жалал-Абад шаарларындагы тамак-аш жана балмуздак менен тейлөөчү коомдук жайлар катуу текшерүүгө алынууда. Балмуздактан ууланып ооруканага түшкөндөр сакайып, үйлөрүнө чыгып кетишти.

Эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын жыйынында каралып талкууланган маселелер боюнча кетирилген кемчилдиктер октябрь айында өтүүчү жыйында кайрадан карала тургандыгы туурасында  чечим кабыл алынды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38