KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын мектептеринин жанында жөө адамдар өтүүчү жол белгилери коюлду (ФОТО)

Жалал-Абад шаарынын мектептеринин жанында жөө адамдар өтүүчү жол белгилери коюлду (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн жол боюнда жайгашкан мектептердин, бала бакчалардын, окуу жайларынын тушундагы көчөлөргө жол сызыктары жана жол белгилери камсыз кылынган. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, айрым маалымат булактары аркылуу Жалал-Абад шаарынын мектептеринин жанында жөө адамдар өтүүчү жол белгилери коюлбагандыгы тууралуу таркатылган маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин башкы инженери Рашид Назаралиев билдирген.

Анын айтымында, шаар бийликтери быйылкы жылы көчөлөргө 2 миң чарчы метрлик же суммасы 2 миллион сомдук жөө атуулдар өтүүчү жол сызыктарын сызууну, жол белгилерин орнотууну пландаштырган.

-Бирок, тилекке каршы, шаардын бюджети ушул кезге чейин бекитилбей жаткандыгына байланыштуу биз пландаштырган иштердин толук көлөмүн аткара алган жокпуз. Себеби, бюджеттен бизге зарыл болгон сумманын 12ден бир бөлүгүн гана алып, иштетип келе жатабыз. Ошондо биз бюджеттен 7 айдын акча каражатын  топтоп алып, азыркы учурга чейин жол боюнда жайгашкан мектептердин, окуу жайлардын, бала бакчалардын тушуна жол сызыктарын, жол белгилерин камсыз кылдык.  Шаар боюнча бул иштер улантылууд, - дейт ал.

Алынган маалыматтарга караганда, айрым мектептердин тушунда жол сызыктары жаңы окуу жылына чейин даяр болбой калган, себеби шаарда суу жана саркынды суу, газ түтүктөрүн орнотуу, көчөлөргө асфальт басуу иштери тынымсыз жүрүп жатканы үчүн айрым участоктордо иш кечеңдеген. Бирок, азыркы учурга карата бардык мектептердин, бала бакчалардын, окуу жайларынын тушунда жол сызыктары жана жол белгилери толук камсыз кылынып бүттү.

Эскерте кетсек, шаар бюджетинин бекитилбей, шаардагы аткарылуучу иштер каржыланбай калгагына карабастан, шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти дээрлик 1 миң чарчы метрге жол сызыктарын сызып, 52 даана жол бегилерин коюп чыккан. Бул иштер дагы да улантылууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13