Президенттик шайлоону өткөрүүгө 670 млн сом каралган
Өлкөдө президенттик шайлоонү өткөрүүгө 670 миллион сомдон (10 млн долларга жакын) ашык каражат каралган. Бул тууралуу 11-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылды.
Президент Алмазбек Атамбаев жетекчилик кылган Коопсуздук кеңешинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын жана өкмөттүн шайлоого камылгалары боюнча маалыматтар айтылды. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алдыдагы шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө 670 миллион сомдон ашык каражат каралганын билдирди. Айтымында, бул сумманын 538 миллион сому биринчи айлампага, калганы зарыл болсо экинчи айлампага жумшалат.
БШК башчысы Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын акыркы тизмесин 5-октябрга чейин жарыялай тургандыгын кошумчалады. Ал ошондой эле добуштарды саноонун программасы жакшыртылганын жана тестирлөөдөн өткөндөн кийин ал коомчулукка, талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө, көз карандысыз эксперттер менен ММК өкүлдөрүнө тааныштырыла турганын белгиледи:
- Система объективдүү, автоматтык режимде иштейт жана добуш берүүнүн так жыйынтыктарын алууга мүмкүндүк берет. Сырттан жыйынтыктарга таасир этүү боюнча эч кандай аракеттерди көрүүгө мүмкүн эмес.
Өлкөдө президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |