Академик жана профессор Сабырбек Жумабеков Жалал-Абадда жаштар менен жолугушту (ФОТО)
Жалал-Абад шаарынын 140 жылдыгына карата аймактын активист жаштары медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабеков, "Joomart Partners" юридикалык компаниясынын президенти Жоомарт Жолдошев, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, ири "KG Group" курулуш компаниясынын директору Имамидин Ташовдун катышуусунда "Жалал-Абадга жаштардан белек" аттуу семинарлар өткөрүлдү.
Жаштар семинарлары шаардагы 4 окуу жайда өткөрүлдү. Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынында өткөрүлгөн семинарда медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков болочок дарыгерлер менен жолугушту. Болочок кесип ээлери келген конок менен кеңири баарлашып, көптөгөн суроолорго жоопторду алышты.
Түш ченде ар кайсы окуу жайларында жаштар менен жолугушуп келген лидерлер Барпы драма театрында чогуу жаштар менен кайрадан жолугушуп, ага облус жана шаар жетекчилери да катышышты. Жетекчилер келген конокторго ыраазылыктарын билдиришип, белектерди тапшырышты.
Келген коноктор мындан ары да ушул сыяктуу жолугушууларды уюштуруп турууну сунушташып, жаштар менен ачык-айрым баарлашуунун жакшы жактарын баса белгилешти. Ошондой эле мындан ары Жалал-Абад шаарынын өнүгүүсү үчүн өз жардамдарын да аябоону убадалашты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13