KELECHEK
rek

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованы УКМКга чакырышты

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованы УКМКга чакырышты

Бул тууралуу укук коргоочу өзү “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү телефон чалып, коопсуздук органынын кеңсесине келүүнү суранган. Укук коргоочу расмий түрдө чакыруу келбегенин билдирип, баруудан баш тарткан.

“Расмий орган катары алар чакыруу жибериши керек болчу. Ошондуктан, расмий түрдө мыйзамдын негизинде чакыруу жиберишин талап кылдым”, - деп билдирди Исмаилова.

Укук коргоочу чакырууну өзүнүн ишмердигине байланыштырууда. Исмаилова президент Алмазбек Атамбаевдин укук коргоочуларды күнөөлөгөн билдирүүсүнөн соң УКМК, Мамлекеттик салык кызматына кайрылуу жөнөткөнүн кошумчалады. Анда “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун президент айткандай мыйзам бузганын ырастоону суранган.

Укук коргоочу ушул кайрылууга байланыштуу УКМКга чакырышы мүмкүн деп болжолдоодо.

Президент Алмазбек Атамбаев энелер күнүнө карата уюшулган аземде укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдырасулованы сынга алган. Буга байланыштуу укук коргоочулар президенттин үстүнөн сотко кайрылган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20