"Жалал-Абадга жаштардан белек" аттуу семинар өткөрүлдү (ФОТО)
Жалал-Абад шаарында жаштардын демилгеси менен Кыргыз республикасынын президентинин аппаратына караштуу "Ыйман" фондунун жана жергиликтүү бийликтин колдоосу астында "Жалал-Абадга жаштардан белек" аттуу семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу семинар өткөрүлгөн жерде маалым болду.
Жалал-Абад мамлекеттик университетине “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков келип, 400гө жакын студентке “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жаштарды туура жолго үндөө максатында семинар өттү.
Анын айтымында, борбордо отура бербестен, мүмкүнчүлүктүн болушунча ар бир облусту, район-шаарларды кыдырып, эл аралап, жаштарга ыйман, адеп, маданият боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү чечишти. Анткени жаштар эртеңки келечек, аларга туура тарбия берилсе, алардан көрүнүктүү, билимдүү, илимдүү инсандар чыгат.
- Алдыда Кыргызстаныбыздын президентин тандоо максатында шайлоо өткөрүлөт. Мына ошол шайлоодо, тандоодо жаштарыбыздын орду чоң. Көпчүлүгү шайлоого катышкандан баш тартышат. Бул туура эмес нерсе. Ар бир жаран шайлоо укугун баркташы керек. Канча элдер ушул укукка жетүү үчүн чок тебелеп, кан кечишкен. Бизге шайлоо үчүн атышуунун, урушуунун, согушуунун зарылдыгы жок. Ал укуктардын баары колубузда турат.
Бирок, бизде ал укукту барктабай жаткандар көп. Ошондуктан ар бир жаран кайдыгер карабай, шайлоого катышып, өздөрү ишенич көрсөткөн талапкерге добуш берүүсү керек. Мекен – бул биздин көз карегибиз, жаныбыз жана намысыбыз. Добуш сатылбашы жана сатып алынуусу керек эмес. Кыргызстаныбыз кичинекей өлкө. Ыйык мекенибизди жарадар кылып, оорутуп, жоготуп албайлы. Кыргыз жаранына өзгөчө жаштарга тилерим ыйман, тазалык, абийир жана жоопкерчилик,- деди ал.
Семинардын соңунда келген конокко студенттер суроо беришип, жооп ала алышты.
Белгилей кетсек, төрт багыттагы семинарлар бир эле убакытта Жалал-Абад шаарындагы төрт окуу жайда өттү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30