KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы мечитте адам сатууга каршы түшүндүрүү өткөрүлдү (ФОТО)

Жалал-Абаддагы мечитте адам сатууга каршы түшүндүрүү өткөрүлдү (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш сейил багына жакын жапйгашкан “Имам Албухарий” мечитиндеги жума намазында облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев тарабынан адам сатууга каршы атайын кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Жалал-Абад облусунда 5-сентябрдан 18-сентябрга чейин “Адам сатууга каршы 100 күн” маалымат кампаниясы жүрүп жатат. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен биргеликте өкмөттүк эмес уюмдар “Адам сатууга каршы 100 күн” акциясын биргеликте өткөрүү иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

- Адамдын кадыр-баркы жана эркинидиги баарынан улуу турат деп Куранда айкын жана даана айтылган. Салттуу ислам дининде баса белгиленип кеткендей, кулчулук менен адам сатуу бул чоң күнөө болуп саналат.  Пайгамбар келгенден кийин миңдеген адамдар кулчулуктан бошотулган. Андыктан адам баласын кулчулукка сатуу, зордуктап кемсинтүү, жаш балдарды сатуу аябагандай оор күнөө болуп саналат. Ислам динине жамынган айрым бир экстремисттик топтор биздин жаштарыбызды жана кыз-келиндерибизди алдашып, Сирияга үндөп жатышат. Ислам дини тынчтык менен боорукердиктин жана кайрымдуулуктун дини экендигин эсибизден чыгарбайлы. Ниеттери жаман адамдардын ар кандай азгырыктарына алданбайлы,- деди жума намазына келишкен мекендештерибизге облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев.

Бүгүнкү жума намазында  Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык, Бирма мамлекетиндеги Мьянмадагы тополоңдон каза болушкан рохинжа мусулмандарына арналып атайын куран окулуп, дуба кылынды.

Жалал-Абад шаарындагы “Имам Албухарий” мечитинде өткөрүлгөн бүгүнкү жума намазына 3000ден ашуун адам катышты. “Адам сатууга каршы 100 күн” акциясы Жалал-Абад облусунда 18-сентябрга чейин уланат.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18