Орусиядагы шайлоодо өтө аз добуш берүүчүлөр катышты
Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө боюнча шайлоого добуш берүүгө укуктуу жарандардын 29 пайызы гана катышканын жарыялады. Бул соңку жылдардагы эң төмөн көрсөткүч болуп калды.
Жекшемби, 10-сентябрда Орусияда бирдиктүү добуш берүү күнү өттү. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн 16 субъектисинин башчылары аныкталат. Мындан сырткары Москвада 125 райондо жергиликтүү кеңештин депуттары шайланат.
Орусиянын Ички иштер министрлиги шайлоо тынч өткөнүн билдирди. Байкоочулар шайлоочуларды акча жана арак менен "сатып алуу" аракеттери болгонун, үкөктөргө бюллетендерди салып жиберүү жана башка мыйзам бузуулар катталганын билдирип жатышты.
БШКдан шайлоонун жыйынтыгына таасир бере турган олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун айтышты.
"Ачык Орусия" кабарлагандай, салтка айлангандай, абактарда жана психиатриялык ооруканаларда гана шайлоочулардын саны көп болду.
Буга карабай Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев шайлоо жогорку деңгээлде өткөнүн, бардык аймактарда жарандар шайлоого активдүү катышканын айтты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









