Жалал-Абаддын милиция кызматкерлери оор кылмышка шектүү жаранды кармашты
Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери тарабынан июль айында катталган кылмыш ишинин бетин ачышты. Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, тоноочулук менен алектенип жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышка шектүү адам коркутуу жолу менен жарандардан чоң суммадагы акча каражатын алгандан кийин, изин жашырып качып жүргөн. Ушул жылдын июль айында таңкы саат 04:00 чамасында Сузак районунун Топурак-Бел айылынын жанынан белгисиз жарандар өтүп бара жаткан унааны токтотуп, айдоочусун тоноп кетишкен. “Лексус-470” үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн жарандар таякчанын (МАИ таякчасы) жардамы менен “Хонда CRV» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан Баткен облусунун 30 жаштагы жашоочусун токтотушуп, өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, баш ийбөө фактысы боюнча коркутушуп, айдоочунун чоң суммадагы 250 АКШ долларын жана 3 миң сом акча каражатына коркутуу жолу менен ээ болушкан.
Жабырлануучу окуя боюнча бир айдан кийин милиция кызматкерлерине кайрылган. Жогорудагы кылмыш иши боюнча материалдар чогултулуп, кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында шектүүлөр айдап жүргөн “Лексус-470” үлгүсүндөгү автоунаа такталып, кылмыш ишине тиешеси бар Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы жашоочусу кармалган.
Тергөө учурунда кармалган жаран милиция кызматына эч кандай тиешеси жоктугу жана эч жерде иштебей тургандыгы аныкталан. “Лексус-470” үлгүсүндөгү автоунаанын ичин текшерүү учурунда уурдалган мамлекеттик номур жана таякча табылган.
"Азыркы убакта кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги такталууда жана жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар экинчи жаранды кармоо боюнча иш-чаралар көрүлүп жатат. Кылмышка шектүүлөр мурда милиция кызматкерлеринин атын жамынышып, Ош-Бишкек жолунда башка айдоочулардан коркутуу жолу менен акча алып жүрүшү мүмкүн. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05









