KELECHEK
rek

Өкмөткө "Центерраны" сотко берүүнү сунушташууда

Өкмөткө

Жогорку Кеңештин “Республика-“Ата-Журт” фракциясы Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык инвестор Centerra Gold компаниясынын Түндүк Америкадагы Thompson Creek Metals Inc. кенин сатып алуу келишимине каршы. Мындай чечим кечээ фракциянын жыйынында бир добуштан кабыл алынып, кыргыз өкмөтү тез арада ал келишимди жокко чыгаруу үчүн Centerra Gold компаниясын сотко бериши, кыргыз тараптан ага тиешеси барлардын жоопкерчилиги каралышы керек деген талап коюлду.

Фракция лидери Өмүрбек Бабанов ал келишимге макул болууну чыккынчылык деп атады:

- Силер “Биздин мүчөлөр каршы добуш берди” деп айтып жатасыздар. Ооба, каршы бердиңер. А эмнеге силер сотко берген жоксуңар? Эмнеге өкмөт Centerra Gold жетекчисин чакырып, “келишимден чыгабыз” деген жоксуңар? “Центерранын” акчасынын 80% Кыргызстандан алынат. Бир жыл өттү, өкмөт унчукпай отурат. Коргой турган учур келди да. Кумтөр боюнча макулдугун бергендерди Кудай урат. Акаев жаман бүткөн. Көрөсүңөр. Чыккынчылык келишим болду бул. Силер “акциябыздын проценти түшүп кетти, бирок саны азайган жок” деп айтып жатасыңар. Бирок кеп процентте, добуш берүү укугунда болуп жатпайбы. Биз блоктой алат элек да.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кыргыз тараптын Centerra Gold компаниясындагы үлүшүнүн төмөндөшүнө мурдагы бийлик тушунда кабыл алынган келишим негиз болгонун айтты:

- Бул жыйындын нугуна караганда биз эл душманы болуп көрүнүп жатабыз. Бирок эч андай эмес. Биз дагы чыйылдадык, кыйкырдык, аракет кылдык. Эмнеге мындай болуп жатат деп таң калдык. Бирок баары барып 2009-жылдагы келишимге такалып жатканын силер да билесиңер. Ал ратификациядан өткөн, кол коюлган. Анда эмиссия маселеси да жазылып калган. Биздин жарандар канадалык Thompson Creek Metals Inc. компаниясын сатып алууга каршы добуш берген.

Centerra Gold Inc. компаниясы Thompson Creek Metals Inc. жаңы кенин былтыр сатып алгандан кийин “Кыргызалтын” ишканасынын андагы 32,1% үлүшү 26,6% түшкөн.

Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясында үч өкүлү бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53