KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунда “Адам сатууга каршы 100 күн” маалымат компаниясы башталды (ФОТО)

Жалал-Абад облусунда “Адам сатууга каршы 100 күн” маалымат компаниясы башталды (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун аймагында ''Адам сатууга каршы 100 күн” маалымат кампаниясы 5-сетябрдан 18-сентябрга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунндагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысалы Ызабеков маалымат жыйында билдирди.

Ал эми бүгүн, 5-сентябрда Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Аталган иш-чарага шаардагы ЖОЖдун жана орто окуу жайлардын студенттери, орто мектептердин окуучулары, коомчулуктун өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ЖМКнын журналисттери катышты.

Өкүлдүн орун басары Ырысалы Ызабековдун айтымында, бул маалымат кампаниясы GLOACT адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү глобалдык долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, ишке ашып жатат.

“Бүгүн  ''Адам сатууга каршы 100 күн” маалымат кампаниясы Жалал-Абад облусунда старт алды. Биз эстафетаны Баткен облусунан алганбыз. Облус боюнча 4-сентябрдан 18-сентябрга чейин жалпы иш-чара бекитилип, таркатылган. Адам сатуу – бул азыркы күндөгү глобалдуу масштабдагы кылмыш болуп эсептелинет. Ал белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы сексуалдык эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук жана түрдүү курмандыктарга айлануу менен бүтөт. Жер шаарында жыл сайын 2,5 млн. адам сатуу фактысына дуушар болот  экен. Адам сатууга эмгек мигранттары туш болсо, алардын арасынан жаштар көп кездешет”, - дейт Ы.Ызабеков.

Жалал-Абад ОИИБнын КМКнын опер өкүлү, милициянын капитаны Ширин Расуловдун береген маалыматына караганда, 2016жылдан 2017-жылдын бүгүнкү күнгө чейин адам сатууга байланышкан кылмыш катталган жок. Адам сатууга дуушар болгон адам тарабынан арыз жазылбаса, андай эл арасында айтылган фактылар боюнча өз алдынча эле иш козголо бербей тургандыгын ал өз сөзүндө баса белгилеп кетти.

- Мунун негизги себеби, биз негизинен калкка түшүндүрүү иштерин жүргузүп келүүдөбүз. Аны менен кошо мектептерде атайын окуу семинарларын, адам сатуунун алдын алуу боюнча бир нече иштерди жасап келүүдөбүз. Биз мүмкүн болушунча элге жеткиликтүү түшүндүрүүгө, сырткы миграцияны түшүнбөй туруп башка мамлекетке баруу чоң коркунуч жаратаарын жакшылап түшүндүрүп, бир нече мисалдарды көрсөтүүдөбүз, - дейт Ш.Расулов.

Анын айтымында, 2013-жылы  Сузак районунда жаңы төрөлгөн ымыркайын саткан эненин үстүнөн бир кылмыш иши ачылып сотко өткөрүлсө, 2014-жылы  ушул эле райондо 1987-жылы туулган кызды Турцияга сатып жиберген фактысы боюнча бир кылмыш иши ачылган. Ал эми 2015-жылы Ала-Бука районунда 1993-жылы туулган Наргиза аттуу эне өзүнүн жаңы төрөлгөн эркек баласын ошол эле райондун тургунуна 23 миң сомго сатып жиберип, акчасын бербей койгондо гана милиция органдарына арыз менен кайрылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, азыр дале тергөө иштери жүрүп жатат.  

“Ошондой эле, бул иш-чаранын алкагында жаштар арасында түшүндүрүү иштери, спорттук оюндар, КВНдер уюштурулмакчы. Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан жаштарды жумуш менен камсыз кылуу максатында ваканттык жармаңкелер өткөрүлөт. Юрист-консультанттар  каалоочулардын суроолоруна жоопторду беришип, атайын китепчелер таркатылат”, - дейт  “Аймира” коомдук фондунун жетекчиси Анаркүл Машаева.

Машаеванын айтымында, "Аймира" КФ тарабынан Эл аралык уюмдардын колдоосу менен кулчулукка кабылгандарга ар тараптуу жардамдар берилип, алардын андан ары жашоосун оңдоп кетүүсүнө шарттар түзүлүп, кесипке окутушуп, өз алдынча иш баштап кетүүсүнө көмөктөшүп келишет.  

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13