KELECHEK
rek

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Бүгүн, 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Өзбек мамлекет башчысынын 5-6-сентябрга пландалган Кыргызстан сапар учурунда эки тараптуу чек ара боюнча өткөөл келишим түзүлөөрү алдын-ала расмий кабарланган.

Андан тышкары эки тараптуу кызматташуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ж.б. боюнча бир катар документтерге кол коюлмакчы.

16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келип, кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюу чечими кабыл алынган.

Эки мамлекет ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 58 аймак бар.

Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12