KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында балдардын майрамы белгиленди

Жалал-Абад шаарында балдардын майрамы белгиленди

1-июнь – Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруусу менен майрамдык салтанат өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү балдардын майрамына карата шаардын эки жеринде иш-чара өтүп жатат. Биринчиси, Токтогул эс алуу багында, ал эми экинчиси Жеңиш эс алуу багында.

Бүгүн 450 бала акысыз каруселдерге ойнотулуп, 500 балага таттуулар, миң балага балмуздак берилди. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, бүгүн балдарга тамак-аштарды да уюштуруп бердик. Ата-энелери менен келишип, тамактанып, ойноп кетип жатышат.

“Учурдан пайдаланып, шаардык мэриянын жана жеке өзүмдүн атыман балдарды бүгүнкү майрамдары менен куттуктайм. Баарыбыз балдар деп жашайбыз. Балдар биздин келечегибиз. Дайыма балдарыбыздын ден соолугу чың, өмүрлөрү узун, келечеги кең болсун”, -дейт Т. Темирбаев.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13