Узун-Акмат-1 алтын кенин иштетүүгө жергиликтүүлөр каршы
Токтогул районундагы Ак-Тектир айылынын тургундары 2-сентябрь күнү аймактагы Узун-Акмат-1 алтын кенин иштетүүгө каршылык иретинде жол тосушту. Бул тууралуу нааразы болгондор өздөрү "Азаттыкка" билдиришти.
Алардын айтымына караганда Токтогул райондук экологиялык техникалык инспекциясынын жолдо бараткан координатору Болот Жапаров жол тоскондор менен чырдашып, Ак-Тектир айылынын тургуну Базаргүл Карашбаевага кол көтөргөнгө чейин барган. Натыйжада акцияга чыккан аялдын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага түшкөн.
Эколог Болот Жапаров муну төгүндөп, атайын уюштурулган чагым катары баалады.
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Анарбек Мамбетов 2-сентябрда жол тосулганын, тараптар чырдашканын ырастады. Анын айтымында жергиликтүүлөрдүн кенге байланышкан нааразылыктары күч. Өз кезегинде лицензия сатып алган "Талбек" компаниясы жергиликтүүлөрдүн талаптарын укпай жатат.
Токтогулдагы Узун-Акмат-1 алтын кениндеги 600 гектар "Кассана Минералс" компаниясы 2006-жылы лицензия алып, жергиликтүүлөрдүн каршылыгынан улам ишин баштай алган эмес. Ал компания быйыл жыл башында лицензиясын казакстандык "Талбек" фирмасына сатканы белгилүү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13