Украин атайын кызматы Орусия ФСБсын аймакта теракт уюштурууга айыптоодо
Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак орус атайын кызматын өлкө аймагында теракт уюштурууга айыптады. Бул тууралуу ал "Прямой" телеканалындагы көрсөтүү учурунда билдирди.
УКК башчысы орус атайын кызматы Одесса, Харьков, Херсон жана башка украин шаарларындагы теракттарга тиешеси бар деп эсептейт. Анын пикиринде, Орусия мындай жол менен Украина аймагында толук масштабдуу аскер операциясын баштоого шылтоо издеп жатат деп эсептейт. Ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортниковго кайрылып, согуш шартында дагы аша чаабууга жол бербей турган эрежелер бар экенин айтып, кесиптешин бул иштерди токтотууга чакырды.
Августтун ортосунда Грицак ФСБны Орусияда теракт жасоо үчүн украин жарандарын колдонууга айыптаган.
Жакынкы аралыкта Донбасстын реинтеграциясы жөнүндөгү мыйзам долбоор Жогорку Раданын кароосуна жөнөтүлөт. Документте Орусия биринчи жолу агрессор-өлкө катары көрсөтүлгөн. Буга чейин парламент 2015-жылдын 27-январындагы токтому менен Орусияны агрессор деп атаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









