KELECHEK
rek

Сузак районунун Кыр-Жол айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди (ФОТО)

Сузак районунун Кыр-Жол айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди (ФОТО)

1-сентябрь – Билим күнүндө Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылында №43 Исраил Карабаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов маалымдады.

Жаңы мектептин салтанаттуу ачылыш аземине катышкан Кыр-Жол айылынын жашоочуларын, мугалимдер менен окуучуларды КРнын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Сузак районунун акими Эрмек Ормошев бүгүнкү Билим күнү жана Курбан айт майрамы менен куттукташты.

-- 2015-жылдын 23-майында Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 6 мекендешибиздин өмүрү кыйылган болчу. Ошондо Кыр-Жол айылына атайын келген Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевден жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен элибиздин атынан кайрылган элек. Биз, Кыр-Жол айылынын жашоочулары мамлекет башчысына терең ыраазыбыз. Бүгүн минтип, республикалык бюджеттин эсебинен заңгыраган жаңы мектеп бүткөрүлүп, ишке берилип олтурат. Мындан сырткары жер көчкүдөн улам үй-жайсыз калышкан 8 атуулубузга мамлекеттин эсебинен акысыз үйлөр салынып, жаңы үйлөрдүн ачкычтары айылдаштарыбызга тапшырылды. Элине кам көрүп, жан күйгүзгөн Президентибиз Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук жана мамлекетти башкаруудагы жооптуу ишине элибиздин атынан ийгилик каалайбыз,- деди Кыр-Жол айылынын кадырман аксакалы  Мурат Паизов.

КР вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев баштаган жетекчилер жаңы мектептин кызыл тасмасын кесишип, мектептин класстарын жана спорт залын көздөн кечирип чыгышты.

Кыр-Жол айылындагы №43 Исраил Карабаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушун Муктар Маматкулов жетектеген “Базар-Коргон айыл курулуш” ААКсынын куруучулары 2 жылда сапаттуу бүткөрүштү. Мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 33 млн. сом акча каражаты сарпталган. Аталган мектепте учурда 212 окуучулар билим алышып, аларга 18 мугалимдер татыктуу таалим-тарбия берип жатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41