KELECHEK
rek

Москвада жүздөгөн мусулман акцияга чыкты

Москвада жүздөгөн мусулман акцияга чыкты

Мьянманын Москвадагы элчилигинин алдындагы мусулмандардын акциясы

Москванын борборунда жүздөгөн мусулмандар акцияга чыгышты. Алар Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын куугунтукка кабылышына нааразылыгын билдирип, “Аллаху акбар” деп кыйкырышты.

Мьянманын элчилиги алдында өткөн акцияга полиция кызматкерлери көз салып турушту.

Калкынын көбү буддисттер болгон Мьянмада азчылыкты түзгөн рохинжа мусулмандары жергиликтүү бийлик тарабынан куугунтукку туш болуп келет. Мындан улам 75 миңден ашык рохинжа журт которууга мажбур болгон. Акыркы жумадагы кагылыштан 400гө жакын адам каза болгону кабарланууда.

Орусияда Мьянмадагы мусулмандардын куугунтукталышына Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров каршылыгын билдирүүдө. Бүгүн Грозныйда рохинжа мусулмандарын колдоо митинги өтөт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу кечээ Москвадагы акцияда аты-жөнүн айтуудан баш тарткан Кадыровдун өкүлү билдирген.

"Кавказ.Реалии" басылмасы өз булактарына шилтеме кылуу менен Чеченстандын жашоочулары акцияга чыгууга милдеттендирилгенин кабарлодо.

Жекшемби күнү рохинжа мусулмандарын колдогон жүрүш Дагестанда дагы болгон.  

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен Москва Мьянмадагы окуягы тыкыр көз салып жатканын жана жаңжалдашкан тараптарды сүйлөшүүгө чакырарын билдиришти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13