Казакстанда полициячы менен гезит ортосундагы жаңжал Жогорку сотко жетти
Казакстанда Жогорку сот полициячы Даниар Ракишевдин ”Орол жумалыгы” гезитинин редактору Тамара Еслямовага карата жазган доо арызын канааттандырган чечимин жокко чыгарды.
Буга чейин шаардык сот моралдык зыян үчүн конпенсация иретинде тартип сакчысына үч жарым миллион теңге төлөп берүү чечимин чыгарган. Анын эки миллиону “Журналисттик демилге” уюмунун, бир жарым миллиону редактордун мойнуна илинген.
Полициячы болсо доо арызында жалпысынан 10 миллион теңге сураган. Тартип сакчынын пикиринде, редактордун ”Ракишев сыяктуу майорлор эмнеден коркушат?” деген макаласы анын аброюна шек келтирген.
Журналист Оролдо жаздагы жер реформасына байланыштуу акцияда журналисттер массалык түрдө кармалгандан кийин, майор Ракишев андан кечирим сураганын жазган. Тартип сакчысы муну четке каккан.
Редактор эми төлөгөн компенсациясын кайтарып алууга ниеттенүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









