АКШ "Батыш" машыгуусунун алдында Прибалтикада аскер аба күчтөрүн көбөйттү
Кошмо Штаттар Балтия аймагындагы Орусиянын ири аскердик машыгууларын утурлай, НАТОго мүчө Литва, Латвия жана Эстония өлкөлөрүн абадан күзөтүү үчүн истребителдердин күчөтүлгөн бөлүгүн жөнөттү.
Москванын “Батыш” машыгуусу 14-20-сентябрда өтөт. Ал Орусиянын Батыш аскерий округу менен бирге НАТОнун үч мамлекети менен чектешкен Беларустун аймагын да камтыйт. Кремль ири масштабдагы машыгуу коргонуу дараметин сыноо үчүн гана өтөрүн белгилегени менен бул чөлкөмдө тынчсызданууну жаратууда.
Балтия аймагын күзөтүү үчүн ушул аптада Шяуляй аэродромуна АКШнын жети F-15C үлгүсүндөгү учагы конду. Крым аннексияланганда дагы НАТО Прибалтика чөлкөмүнө мынчалык көлөмдө аскер күчтөрүн жөнөткөн эмес.
Балтиянын үч өлкөсүндө истербителдер жок, мындан улам алар НАТОго ишеним артышууда. Машыгуунун алдында АКШ кошумча аскер аба күчтөрүнүн 600 аскерин жөнөткөн.
Ал эми Орусия менен Беларус 14-20-сентябрда өтүүчү машыгууга 12700 аскер катышаарын ырастап келатышат. Бирок Батыштагы аскерий адистери иш жүзүндө 100 миңге чейин жоокер тартылышы мүмкүн дешет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









