KELECHEK
rek

Жалал-Абадда Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы майрамдалды (Фото баян)

Жалал-Абадда Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы майрамдалды (Фото баян)

Бүгүн, 31-августта Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы жалпы элдин катышуусу менен салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш чаранынын алкагында Жалал-Абад шаарынын тургундары менен конокторго ар кыл ассортименттеги соода-сатык жарменкеси уюштурулду. Бул тууралуу өкүлдүн баса сөз катчысы Жолдошбай Осмонов билдирди. 

Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттын катышуучуларына “Ынтымакчылыкка, достукка жана биримдикке чакырган” атайын театралдаштырылган көрүнүш тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына арналган  майрамдык салтанаттуу иш чараны Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов ачкан соң, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана конокторду Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев куттуктады.

-- Көз карансыздыкка жетишүү жана аны сактап калуу өтө оор болду. 1991-жылдан бери Кыргызстан өз башынан бир катар оор кыйынчылыктарды кечирди. Кыргызстандын эли эгемендүүлүктүн туткасын ишенимдүү жана бекем кармап калды. Элибизде саясий жана адамдардын бекем туруктуулугу калыптанды. Энергетикалык коопсуздук камсыз кылынды. Стратегиялык мааниге ээ болгон Түндүк-Түштүк  альтернативалуу автомагистралы курулууда.

Жыл сайын пенсия менен пособиелер көтөрүлүүдө. Сот реформасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Корупцияга каршы чечкиндүү күрөштөр жүрүп жатат. Элибиздин тарыхындагы Үркүндүн 100 жылдыгына саясий баа берилип, ошол апаатта курман болгон ата-бабаларыбыздын жаркын элестери татыктуу эскерилди. 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүлөт.

Бул шайлоодо элибиз калыстык менен президентке татыктуу талапкерге өз добуштарын беришет деп ишенемин. Жалал-Абад облусунун элине тынчтык менен бакубат турмушту каалаймын. Эгмендүүлүк майрамыңыздар куттуу болсун,- деди КРнын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев.

- Биз кыргыз эли намысы бийик эл, улуу журтпуз. Ар бирибиз мамлекетибиздин өзөгү болгон улуттук биримдигибизди жана ынтымагыбызды сактоого жана чыңдоого милдетүүбүз. Кыргыз элинин “Ырыс алды – ынтымак” деген макалында чоң маани жатат. Кыргызстандын көз карансыздыгы эч нерсе менен теңегис баалуу нерсе, аны колдон чыгарбас үчүн улуттар ортосундагы ынтымакты, сабырдуулукту туу тутуп жашашыбыз керек.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болуп кирип, коңшу жакынкы өлкөлөр менен экономикалык байланышыбыз күчөдү. Эгемендүүлүктүн эң башкы жетишкендиги катары “Датка—Кемин” электр чубалгыларынын ишке берилиши менен мамлекетибиз энергетикалык жаткан толук көз карансыздыкка жетиштик. Учурда курулуп жаткан Жалал-Абад – Балыкчы түндүк-түштүк альтернативалуу автомагистралы калкыбыздын биримдигине, жергебиздин бүтүндүгүнө, бөлүнбөс ынтымак-ырашкерлигине татыктуу кызмат кылаары анык.

Кыргызстандагы  эң чоң ГЭС болуп саналган Токтогул ГЭСинин модернизациялоо иштеринин аякташы менен Токтогул ГЭСинин кубаттуулугуна кошумча 240 м ВТ электр энергиясы кошулуп. ГЭСтин иштөө мөөнөтүнүн узактыгы 35-40 жылга узарат. Ала-Тоо жергесинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн учугу эч качан үзүлбөсүн,-- деди  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Кыянбек Сатыбалдиев.

Облустук өзбек улуттук маданий борборунун төрагасы Махаматсалы Мадаминов майрамдык салтанаттын катышуучуларын куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара калктын жарпын жазган кеңири программадагы концерт менен коштолду.

  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13