Трамп: АКШ Түндүк Кореянын ракета учурушуна жооп берүү үчүн бардыгына даяр
Дональд Трамп жубайы менен Ак үйдөн чыгып, Техастын «Харви» бороонунан кийинки суу ташкыны болгон районуна баратышат
АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын акыркы ракета учурушуна реакция катары бардык нерсеге даяр экенин билдирди. Трамп Пхеньян мындай аракеттери менен өз коңшуларына жана Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчөлөрүнө карата жек көрүүчүлүгүн көрсөтүп жатканын айтты.
Түндүк Корея сынаган кезектеги ракета Жапониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынын үстүнөн учуп өтүп, деңизге кулаган. Токио аны Жапонияга болуп көрбөгөндөй коркунуч деп атады. Өлкөнүн премьер-министр Синдзо Абэ Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Түндүк Кореяга карата басымды күчөтүү боюнча макулдашкандыктарын билдирди. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш ракеталык сыноону айыптап, Пхеньянды эл аралык милдеттенмелерин аткарып, башка өлкөлөр менен өз ара байланышты калыбына келтирүүгө үндөдү.
"Сыноо аймактагы коопсуздукту, туруктуулукту жана сүйлөшүү талаасын түзүү аракеттерин кыйратууда", – деп айтылат Гутерриштин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. Түндүк Кореянын БУУдагы элчиси Пхеньяндын аракеттерин кубаттап, бул Кошмо Штаттар менен союздаштарынын аймактагы аскердик машыгууларына жооп экенин айтты.
Кытай Корей жарым аралындагы чыңалуу «жогорку чегине жеткенин» эскертип, буга Түндүк Кореяга басым жасоо үчүн аскердик машыгууларды өткөргөн Вашингтон менен Сеулдун дагы жарым-жартылай күнөөсү бар экенин белгиледи. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пхеньян БУУнун резолюциясын сыйлашы керектигин айтты. Жакында эле баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөргөндүгү үчүн Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды киргизген БУУнун Коопсуздук кеңеши 29-августта кезексиз жыйынга чогулушу керек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









