Кулов менен Шеримкулов Атамбаевди саясий туткундарды кечирүүгө чакырышты
Бишкекте сөз эркиндигин жана өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулап жаткан жыйында президент Алмазбек Атамбаевге оозеки кайрылуу жолдонду. Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов жана мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Атамбаевди саясий туткундарга кечирим берүүгө жана ЖМКларга карата соттук доолорду кайра чакыртып алууга үндөштү.
Бүгүн “Сөз эркиндигин коргоо” комитети борбор калаада форум өткөрүп жатат. Анда сөз эркиндиги, саясий куугунтукту токтотуу, тынч митингге чогулуу укуктарынын корголушу деген үч негизги багытта талкуу жүрүүдө.
“Саясий туткундарды коргоо комитети” уюмунун төрагасы Сапар Аргымбаев учурда Кыргызстанда 25 саясий туткун камакта деп маалымдоодо.
Президенттин ар-намысына шек келтирди деген айып менен “Заноза” сайты соттолуп, жабылган. Жакында оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалы жабылды.
27-июлдан 20-октябрга чейин Бишкекте тынч жыйын, митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынган.
Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда куугунтук жок деп эсептешет.
Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Анвар Артыков соттолуп жаткан оппозиционерлерди саясий куугунтукка кабылды деп айтуу туура эмес деп эсептерин "Азаттыкка" 2-августта билдирген. Депутат мурунку бийликтердин тушундагы оппозициялык саясатчыларга жасалган мамилени эскерип "Азыр эч кандай куугунтук жок" деп айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13