НАТОнун Европадагы өлкөлөрү коргонуу үчүн мурдагыдан көп акча бөлөт
Орусиялык агрессиянын артышынан улам, акыркы 10 жылдан бери алгач ирет НАТОго мүчө европалык өлкөлөр коргонуу үчүн чыгымдарын көбөйтөт. Чыгымдардын жогорулай тургандыгын НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг The Financial Times гезитине билдирди.
"Божомолдор көрсөткөндөй, 2016-жыл үчүн европалык өнөктөштөрдүн коргонууга бөлгөн каражаттары көбөйөт. Биз коопсуздук тармагындагы жаңы чакырыктарга, белгисиздикке жана коркунучтардын артышына бетме-бет келдик.Буга байланыштуу бизге биримдик жана туруктуулук керек”, - деди Түндүк Атлантика альянсынын башчысы.
Муну менен бирге Столтенберг Евробиримдиктен Улуу Британия чыгып кетсе, коргонууга акча бөлүү планы коркунучка кептелиши мүмкүн экендигин кошумчалады. Йенс Столтенберг өнөктөштөрдөн алган маалымат болжолдуу жана сыр экенин белгилеп, коопсуздукка бөлүнө турган каражатынын так суммасын айткан жок.
Басылма белгилегендей, НАТОнун европалык өллкөлөрү өткөн жылы коргонуу үчүн 253 миллиард доллар бөлгөн. АКШ бул багытка 618 миллиард доллар жумшаган. Европалык өнөктөштөр ички дүң өнүмдүн эки пайызын коргонууга сарпташы керек деген сунушту эске алганда, НАТОнун Европадагы мамлекеттери аскердик керектөөлөргө кошумча 100 миллиард доллар бөлүшү керек. Азыркы чыгымдын көлөмү ички дүң өнүмгө карата орточо 1,43 пайызды түзөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12