HRW: Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлап баратат
Бул тууралуу адам укуктарын коргоо жаатындагы Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мира Риттманн Кыргызстанда "Сентябрь" телеканалын жабуу боюнча соттун чечимине жана жалпыга маалымдоо каражаттарына карата доо арыздарга байланыштуу “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.
Ал “Сентябрь” телеканалынын жабылышына тынчсызданып жатышканын белгилеп, Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлап баратканын кошумчалады:
- Дегеле Human rights watch уюму Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы начарлап баратканына тынчсызданып жатат. Кыргызстан кандай гана жагдай болбосун, сөз эркиндигин сыйлашы керек. Айрыкча, шайлоонун алдында бул зарыл. Бийлик сөз эркиндигинин сакталышына, жарандардын өз ойлорун эркин билдирүүсүнө кепилдик бериши кажет. Журналисттерди сот жоопкерчилигине тартпай, сөз эркиндиги корголууга тийиш.
Биринчи Май райондук соту 22-августта Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечимин чыгарган.
Сотко Башкы прокуратура кайрылган. Анын арыздануусуна мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган "Сентябрь" каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланганы негиз болгону айтылды.
Ал эми Бишкек шаардык соту Zanoza.kg сайты боюнча Октябрь райондук сотунун төрт чечимин күчүндө калтырган.
Бишкектин Октябрь райондук соту Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүсү "ПроМедиа" фонду боюнча арызды карап, прокуратуранын 24 миллион сомдук доо арызы толугу менен канааттандырылган. Дагы 3 млн сомдук арыз боюнча чечим чыга элек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









