ЖАЛАЛ-АБАД: СУУ ДОЛБООРУ БОЮНЧА ИШТЕР 60 ПАЙЫЗГА БҮТКӨРҮЛДҮ
Жалал-Абадда шаар калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылып жаткан суу долбоору боюнча пландалган иштердин 60 пайызы аткарылды. Бул боюнча шаар мэриясынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Садыр Айтбаев билдирди.
Анын айтымында, шаар аймагындагы эскилиги жеткен суу түтүктөрүн жаңылоо жана калкка таза суу жеткирүү багытында аткарылып жаткан долбоордук жумуштардын 60 пайызы аткарылды. Таза суу долбоорун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылап, 2011-жылдан 2014-жылга чейин анын иштөө тартиби жана жалпы сметасы такталып чыккан. Ал эми шаардагы суу түтүктөрү мындан 50-60 жыл мурда орнотулган, азыркы жедеп эскилиги жетип, жараксыз абалга келди. Ал эми жаңыдан орнотулуп жаткан суу өткөргүчтөр өлкөбүздө жана чет мамлекеттерде даярдалган сапаттуу материалдардан даярдалган. Бүгүнкү күнгө чейин орнотулган түтүктөр ишке берилип, учурда 2 миңден ашуун кожолуктар таза суу менен камсыз болушту.
- Суу түтүктөрүн жаңылоого тендер аркылуу үч ири курулуш компаниясы тандалып алынып, алар шаар аймагындагы өздөрүнө бөлүнгөн участкаларда тынымсыз иш алып барып жатышат. Иштердин баары коюлган пландын негизинде аткарылып жатат, - дейт С. Айтбаев.
Эскерте кетсек, долбоорго Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 7 миллион евро жумшаса, анын 4 миллион евросу кайтарымсыз грант түрүндө, калган 3 миллион евросу насыя түрүндө берилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38