KELECHEK
rek

Тиллерсон Орусияны ооган талиптерине курал жеткирүүгө айыптады

Тиллерсон Орусияны ооган талиптерине курал жеткирүүгө айыптады

22-август кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Кремль Талибан кыймылынын өкүлдөрүнө курал жеткирип жатканын билдирди. Ооганстандын бир бөлүгүн көзөмөлдөп турган бул уюм БУУ тарабынан террористтик деп табылган.

"Орусия талиптерге курал жеткирүүдө. Бул эл аралык нормаларды жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин нормаларын бузуу болуп эсептелет. Биз албетте буга каршыбыз жана Орусияны ага көңүл бурууга үндөйбүз. Эгер кимдир бирөө Ооганстанга курал жеткирсе, аны ооган өкмөтү аркылуу ишке ашыруусу керек", - деп билдирди Тиллерсон.

Ошол эле маалда мамлекеттик катчы АКШ аймактагы согушту токтотуу үчүн Кабул менен талиптердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү колдой турганын белгиледи. Ал талиптерди жеңүүгө мүмкүн болбосо дагы, саясий элдешүүгө жол ачылат деп божомолдоодо.

Орусиянын Ооганстанда активдүү иш алып барып жаткандыгы тууралуу 2017-жылдын башында белгилүү болгон. Анда Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров "Талибан" – бул Ооганстандагы эсептешүү керек болгон күч экенин айтып, иш жүзүндө ал түзүмдүн легитимдүүлүгүн тааныган.

Азырынча Орусия ТИМи талиптерге курал жеткирүү боюнча Тиллерсондун айыптоолоруна жооп кайтара элек. Кремль буга чейин да «Талибан» кыймылына мындай колдоо көрсөтүп жатканын мойнуна алган эмес. Ошол эле маалда Орусия ооган өкмөтүнө курал-жарак жеткирип турат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12