Польшада мурдагы президент Лех Валенсага кылмыш иши козголду
Лех Валенса
Польшанын мурдагы президенти, Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Лех Валенсага карата кылмыш иши козголду. Ал ант менен жалган көрсөтмө берүүгө, тагыраагы 70-жылдары коммунисттик атайын кызматтар менен кызматташканын жашырып коюуга айыпталууда.
Валенсанын Польша элдик республикасынын мамлекеттик коопсуздук кызматында “Болек” каймана аты менен иштегени тууралуу маалымат 2008-жылы эле чыккан.
Бирок Польша элине каршы кылмыштарды иликтеген улуттук комиссия былтыр февралда эксперттерге таянып, Валенса атайын кызматтардын жашыруун агенти болгон деген документтер чын болуп чыкканын расмий түрдө билдирген. Ал кагаздарды былтыр мурдагы ички иштер министри, генерал Чеслав Кищактын жесири тапшырып берген. Графологдор 200дөй беттен турган документтерди текшерип чыгып, алар жасалма эмес деген бүтүмгө келишкен. Экспертизанын жыйынтыгы менен прокурор Анджей Позорский Валенса 1970-жылы 21-декабрда жашыруун агент катары кызматташууга милдеттенме алганын, берген маалыматтары үчүн сый акы төлөнүп турганын тастыктады.
Валенса атайын кызматтар менен байланышта болгонун ачыкка чыгарган эмес, бирок текшерүү башталганда табылган материалдар жасалма экенин айтып чыккан. Ал жашыруун агент тууралуу айыптоолорду четке кагып, саясий каршылаштары өч алып жатканын билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









