KELECHEK
rek

Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандарга айыппул салуу пландалууда

Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандарга айыппул салуу пландалууда

Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 65 доллар айыппулга жыгылуусу мүмкүн. Дин иштери жана жарандык коом министрлиги бул норманы “Дин ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга киргизүүнү сунуштоодо.

Министрлик салттуу эмес диний көз караштагы жарандардын эмдөөдөн баш тартуусу – Казакстандагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп баратканын белгилөөдө. 2016-жылы эле 9,5 миң ата-эне балдарын эмдеткен эмес. Алардын жарымы бул кадамдарын диний ынанымдары менен түшүндүрүшкөн.

Жаңы мыйзам долбоорунун башка нормаларына ылайык, жашы жете элек балдарды ата-энелеринин уруксатысыз өз ишмердүүлүгүнө тарткан диний бирикмелер 680 доллар айыппулга жыгылат. Казакстанда диний билим алгандан кийин гана башка чет өлкөлөрдө бул багыттагы окуусун улантса болот. “Деструктивдүү идеологиялык агымдарга” таандык тышкы атрибуттарды колдонууга, маселен, кийимдерин кийүүгө тыюу салынат.

"Биз кандай белгилер деструктивдүү экенин талкуулап жатабыз. Хиджап – адамдын бетин жаппаган кийимдин бир түрү, мындан улам биз аны караган жокпуз. Эч ким хиджапка каршы сөз сүйлөбөйт. Хиджапты паранжа же чадра менен чаташтырууга болбойт”,– деди дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаев.

Мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна чыкты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38