Сот "Сентябрдын" ишине тыюу салды
Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаеванын 22-августтагы чечимине ылайык, "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Буга Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун аталган телеканалда сүйлөгөн сөзү себеп болгон.
- Сот Башкы прокуратуранын “Сентябрь” телеканалында чыккан материалды экстремисттик деп таап, каналдын телеберүүлөрүн чектеп, интернет аркылуу таратууга тыюу салуу боюнча арызын канааттандырды. “Сентябрь” каналы аркылуу таркатылган Капаровдун интервьюсу экстремисттик материал деп табылсын. “Сентябрь” каналынын теле жана радио берүүлөрүнө, www.september.kg интернет сайтына тыюу салынсын, - деди Жумабаева.
Судья чечим дароо күчүнө кирерин кошумчалады. “Сентябрдын” ишмердүүлүгүн токтотуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жүктөлдү.
Анткен менен телеканалдын жетекчилиги сот чечими мыйзамсыз экенин айтып, жогорку инстанцияларга даттанарын билдирүүдө. Каналдын өкүлү Кайыргүл Урумканова Капаровдун маеги Жалал-Абаддагы “Сентябрь” каналынан чыкканын айтууда:
- Биз Башкы прокуратуранын арызын колубузга алган жокпуз. Бизди эмнеге айыптап жатканы менен таанышууга үлгүргөн да жокпуз. Экинчиден, Абдылда Капаров тууралуу материал биздин санарип каналдан чыккан эмес. Ал Жалал-Абаддагы аналогдук “Сентябрь” каналына чыккан. Экөө эки башка канал. Булар кайсы мыйзам менен чечим чыгарганын түшүнбөй жатам.
Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген. Анда ал Аравандагы мектептин ачылышында Өзбекстандын гимнинин ойнотулушун айыптап, улут аралык кастыкты козутканы айтылат. Мындан тышкары Капаров аталган маегинде Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду 2010-жылдын июнь калабасына бөлүнгөн акчаларды жеп алган деп айыптаган. Башкы прокуратура Капаровдун айткандары боюнча тиешелүү экспертизалар жүрүп, анын айткандары экстремисттик экени аныкталды деп билдирди.
Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы, полковник Абдылда Капаров учурда Нарындагы жатак абагында жазасын өтөөдө. Аны Ош облустук соту 2017-жылдын июнь айында бир тууган Жээнбековдордун беделине шек келтирген, улут аралык кастыкты козуткан деген айыптоолор боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Капаров тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин бир тууган Жээнбековдордун куугунтугу катары баалап келет.
“Сентябрь” телеканалы оппозициялык саясатчы, орус ишкерлеринен пара алды деп сегиз жылга эркинен ажыратылган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









