Испан полициясы Барселонадагы кол салуу үчүн шектүүнү издөөдө
Кол салууларды даярдаган деп теги боюнча марокколук адам изделип жатат.
Полициянын 20-августтагы билдирүүсүнө караганда, Альканар деген шаарчадагы үйдөн 120дай газ баллон табылды. Бийликтер мына ушул жерден “бир нече ай бою” террордук чабуул даярдалган деген ишенимде турушат.
Газ баллондор табылган үйдөн Барселонадагы кол салуудан бир күн мурда 16-августта жарылуу болуп, кеминде эки адам мерт болгон.
Террордук түйүндүн мүчөлөрү деп шектелгендердин бешөө Барселонадан алыс эмес Камбрильс деген шаарчада 17-август күнү полиция менен атышууда өлтүрүлгөн эле. Мунун алдында алар унаа менен сүзүп, бир адамды мерт, алтоону жарадар кылышкан.
Камбрильстеги окуянын алдында Барселонанын туристтерге жык толгон Рамбла көчөсүндө минивэн тибиндеги унаа адамдарды тебелетип, 13 кишинин өмүрүн кыйган болчу.
Бул кол салуулар үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды. Кылмышка катышы бар деген шек менен азырынча төрт адам камакка алынган.
Полиция учурда изделип жаткан Юнус Абуякуб чек арадан Францияга өтүп кетиши мүмкүн деп да болжолдоодо.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05